Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусу көңүлдүү башталды

Тогуз-Торо районунда балдардын жайкы эс алуусун көнүлдү өткөрүү максатында райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун астында күндүзгү жайкы лагер уюштурулуп, 1-июнь күнү лагердин салтанаттуу ачылышы болду. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев катышып, балдарды жайкы лагердин ачылышы жана Балдардын коргоо күнү менен куттуктады. Лагерде балдар эки агым менен 10 күндөн 100 бала эс алышат. Күндүзгү лагерлерде атайын түзүлгөн программалардын негизинде жомок угушуп, кызыктуу оюндар уюштурулуп, видео-фильмдерди көрүшүп, парктарга жана музейге экскурцияга чыгышат. Спорттук жана маданий ийримдер иштеп, балдардын көңүлдүү эс алуусуна шарттар түзүлөт.

1-июнь Балдар коргоо күнүнө карата балдарга таттуулар жана суусундуктар берилди. Балдардын ата-энелери лагердин уюштуруучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун профкому  А.Токтоналиева