Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Балдардын жайкы эс алуусу -2018”

Тогуз-Торо районунда балдардын жайкы эс алуусун көнүлдү өткөрүү  максатында райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун астында жайкы лагер уюштурулуп.  6-июнь күнү лагердин салтанаттуу ачылышы болду. Ачылышка райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Султангазиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, райкомдун төрагасы З.Ажыбаев катышып, балдарды жайкы лагердин ачылышы менен куттукташты. Лагерде балдар  эки агым менен 10 күндөн 100 бала эс алышат. Ошондой эле   райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин  астында күндүзгү лагерлер уюштурулуп 300 бала тартылды.

Мектептердин астында түзүлгөн күндүзгү лагерлерде, атайын түзүлгөн программалардын негизинде жомок угушуп, кызыктуу оюндар уюштурулуп, видео-фильмдерди көрүшүп, парктарга жана музейге экскурцияга чыгышат. Спорттук жана маданий ийримдер иштеп, балдардын көңүлдүү эс алуусуна шарттар түзүлгөн.

Мектеп жетекчилери  ата-энелер жана демөөрчүлөр менен сүйлөшүп,  ар кандай таттуулар, суусундуктар, тамак-аштар уюштурулуп берилген. Лагерге катышкан балдардын ата-энелери лагерлердин уюштуруучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.