Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын эс алуусу уюштурулду

Бул жылы Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан жайкы эс алуу иш-чараларынын алкагында профсоюз мүчөлөрүнүн жана балдардын эс алуусу жогорку денгээлде уюштурулду. 2022-жылдын 6-16-август күндөрү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитети тарабынан жолдомо берилип, 2 агым менен Арстанбап турбазасында Ноокен районунун билим берүү тармагында эмгектенген 128 мугалимдердин  балдарынын эс алуусу  уюштурулду

Эс алууда тарбиячылар тарабынан ар кандай кызыктуу оюн-зооктор,  иш-чаралар, экскурсиялар уюштурулуп, балдардын көнүлдүү эс алуусу үчүн толук шарттар түзүлдү.

Андыктан Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетине, Ноокен райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө жана Арстанбап турбазасынын жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз.    

 

Маалымтты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров