Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарды коргоо күнүндө

12-июнь балдардын эмгегине каршы  күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күнү  Каракол шаарынын  мектептеринин профактивдери менен бирдикте аталган темада иш чара болуп өттү. Анда дүйнөдөгү иштеп жаткан миллиондогон жаш кыздар балдардын жашоосу, алар туш болгон ар кандай оор кырдаалдар жөнүндө маалымат берилип анын келип чыгуу себептери жана балдар эмгегин жоюунун жолдору жөнүндө кызуу талкуулашуу болду. Жыйынтыгында жаңы окуу жылынын башталышы менен  балдар эмгегинин зыяндуулугу, анын билимге болгон кедергиси тууралуу жалпы ата-энелер, окуучулар, мугалимдер  менен бирдикте иш алып барууну тереңдетүү жөнүндө демиле көтөрүлдү.