Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарды коргоонун Эл аралык күнү белгиленди

Баткен районунун билим берүү уюмдарында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын катышуусу менен 1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнү белгиленүүдө.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин кызматкерлери “Үмүт” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бакчасына барып, алардын ал-акыбалын жашоо шарттары менен жеринде таанышып,  майрамдары менен куттукташып, баалуу белектерди тапшырып кайтышты.

Балдар бакчасынын тарбиялануучулары жана кызматкерлери Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов