Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарды коргоонүн эл аралык күнү майрамына карата спорт мелдеши

2021-жылдын 1-июнунда Ноокен районунун балдардын жана өспүрүмдөрдүн Масы спорттук мектебинин базасында “Балдарды коргоонун эл аралык күнү” майрамынын иш-чарларынын алкагында спорттун эркин күрөш түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдешке Ноокен жана Базар-Коргон райондорунан 6 команда катышып, 90 окуучу өздөрүнүн салмактары боюнча күч сынашты. Спорттук мелдеш кызыктуу жана атаандаштыкта өтүп балдарга жагымдуу маанай тартууланды. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

Спорттук мелдеш Масы спрот мектебинин директору С.Туркматов жана “Олимп” спорттук комплексинин машыктыруучу И.Айдаровдун демилгеси жана уюштуруучулугу менен өткөрүлдү. Спорттук мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюму иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөттү.

Балдардын ата-энелери уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад облустук КБКнын инспектору А.Айдаров.