Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарды коргоо милдетибиз

2021-жылдын 31-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинда “1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата акция болуп, ага Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору А.Айдаров, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжабаев, Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  К. Нышанов, инспектор Т.Бакиров жана мектептин жамааты катышышты.

Балдар күнүнө арналган салтанатта А.Айдаров сүйлөп, мектептин жамаатын “1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү” майрамы менен областтык кесиптик бирликтин атынан кызуу куттуктады. Көмөкчү мектептин өзгөчө ишмердүүлүгүнө токтолуп, Дания мамлекетинин “Европа Үйү” эл аралык коомдук уюму менен долбоолор аркылуу балдарга көрүлүп жаткан камкордуктар, түзүлүп жаткан жакшы шарттар тууралу айтты. Жамааттын ишине ийгиликтер, алдындагы максаттарын ишке ашырууда күч кубат, биримдик, ынтымак каалап, облустук комитеттин акчалай колдоосун мектептин директору Э.Абдурахмановко тапшырды.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжабаев, Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Нышановдор сүйлөшүп, областтык комитеттин төрагасы А.Исмаиловго мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмун иштерин колдоого алып, дем берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык айтып, райондук комитетинин колдоо каражатын тапшырды.

Мектептин директору Э.Абдурахманов областтык жана райондук жетекчилерге балдарга көрсөтүп жаткан камкордуктары жана мектептин жамаатын колдоп жаткандыгына ырахматын айтып, келечекте балдарга шарттарды жакшыртуу багытында аракеттерды жасай турганын билдирди.

Мектептин директору жана профсоюз уюмунун төрайымы долбоорлор менен бүткөн теплица, эмгек канаалары, кичи футбол аянтчасы жана жаңы окуу жылына карата даярдык иштери менен катар балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн курулушу башталган жайкы зал менен тааныштырышты. Мектептин айлана тегереги тосмолонуп, ал үчүн Ноокен районунун өнүктүрүү Фондунан 550 миң сом сарпталган, балдардын коопсуздуктары үчүн шарттар түзүлгөн. Мектепте жаңы окуу жылына карата даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.

 

Маалыматты даярдаган: Областтык КБКнын инспектору А.Айдаров