Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар жаңы жылдык белектерге ыраазы

     2017 - жылдын  27-декабрында Ноокен  районундагы  Ниязов  атындагы  көмөкчү  жатак  мектебинде  2018- жаңы жылды  тосуп  алуу,  Арча  майрамына Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Жалал-Абал олусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. У. Сатыбалдиев ,  Ноокен райондук администрациясынын башчысы – аким Э. С. Маматаев,  Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы  Б. С. Козуев,  айыл өкмөт башчылары, мекеме - ишканалардын жетекчилери жана жеке ишкерлер келип  катышышты.                                                                                                                                       

    Облустун  жетекчиси  балдарды  майрамы  менен  куттуктап, 151  даана  жатаканага төшөнчү,  5 000   сомдук  оюнчуктарды,  райондун  акими  5 000  сом  акчалай жана айыл өкмөттөр, мекеме – ишканалар жалпы 11 500 сом акчалай  тапшырышты.  Балдар  меймандарга ыраазычылыктарын  билдиришип,  майрамдык  концерттик программасын  тартуулашты.

 

Маалыматты  даярдаган  Ноокен  райКБКнын  тескөөчүсү Т. М. Бакиров