Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар бакчага тартылган инвестиция

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу №14 Нооруз балдар бакчасында 2017-жылдын 23-май күнү бакча башчыларынын райондук семинар-кеңешмеси болуп өттү. Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Козуев, райондук комитеттин төрагасы К.К.Нышанов, Сакалды айыл Өкмөтүнүн өкүлдөрү, ата-энелер жана райондогу бакча башчылары катышышты.

         Семинардын биринчи биринчи бөлүгүндө №14 Нооруз балдар бакчасы окуу-тарбия иштеринде болуп жаткан ийгиликтерин көрсөтүп, жаш жеткинчектерибиздин катышуусундагы сабактарды жана класстан тышкаркы иштерди келген конокторго тартуулашты.

         Ал эми экинчи бөлүгүндө бакчага тартылган инвестициялар боюнча тажрыйбасын бөлүшүштү. Аталган бакча инвестиция тартуу жолу менен бир канча жумуштарды жасаган. Алардын бири бакчага 63 000 (алтымыш үч миң сомдук) инвестиция тартылып, күнөскана (теплица) курулган. Бүгүнкү күндө күнөсканада (теплицада) эгилген жашылча жемиштер мөмөгө кирип, балдарга берилип жаткандыгын билдиришти.  

         Семинардын катышуучулары бакчалар үчүн күнөскананын болуусу мыкты шарт болоорун белгилешти. Анткени өзүбүз өстүргөн, экологиялык таза жемиштер балдарыбыздын ден соолугунун эң зор кепилдиги экенин айтышты.

         Келген коноктор бакчанын жамаатына ыраазычылыгын билдиришти.

 

 

Ноокен райондук комитеттин мүчөсү,

№35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору

Улан Уметов.