Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Балдар-жердин жандуу гүлдөрү»

Кең-Булуңда заманбап бала бакча ачылды. Кең-Булуң  айыл аймагында кызыл тасма кесилип, 120 балага ылайыкталган бала бакчанын ачылышы болду. Мындай жакшы саамалык менен айыл тургундарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калмырза Кожомкулов  куттуктады. 1990-жылдары салынган эки кабаттуу бала бакча салынып, союз тарагандан кийин бала бакчанын иши убактылуу токтоп, чейрек кылым ичинде иштен чыгып калган. Бирок айылдын ишкер уулдары «Үмүт и К» ЖКЧнын жетекчилери Кайрат жана Журат Абдуллаевдердин демөөрчүлүгү аркасында 21 млн.сомдон ашык каражат жумшалып, бала бакчага экинчи өмүр тартуулады. Бала бакчанын кем-карчына айыл өкмөтүнөн 2 млн.сом бөлүнүп берилген. 120 балага ылайыкталган бала бакча заман талабына ылайык баардык шарты менен колдонууга берилди. Район башчысы ишкерлерге, эл уулу кылып тарбиялаган ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Ыраазычылык катын тапшырды. Аймактарды өнүктүрүү жылындагы мындай жакшы иш-чара айыл тургундарын кубанычка бөлөдү.

Материалды даярдаган Тыныбекова Бактыгуль