Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар ысык тамак менен камсыз болот!

          12-мартта Ысык-Ата районунун Ново-Покровка № 1 орто мектебинде «Мектеп тамак-ашын оптимизациялоо»  программасынын 2 фазасын баштоо аземи болуп өттү.  Аземге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри  Гульмира Кудайбердиева, Кыргызстандагы Оруссия элчиси Андрей Крутько, БУУнун  Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөдөгү директору Андреа Баньоли, Оруссиянын тармактык тамктандыруу Институтунун Кырзыстандагы өкүлү Юлия Калиниченко, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эльмира Медетова жана башка коноктор катышты. Иш чаранын жүрүшүндө МКК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүлүп, расмий өкүлдөр кийинки фазада кандай иштер аткарылаары  жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле аталган мектепте ысык-тамак берүү кандай жолго коюлганын журналисттер менен биргеликте күбө болушту.