Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар Ысык-Көлдө көңүлдү эс алып келишти

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитети Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан бөлүштүрүлгөн жолдомонун негизинде Тогуз-Торо районундагы билим берүү уюмдарында эмгектенген билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун көңүлдү өткөрүү  максатында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылындагы “Маяк” балдардын эс алуу борборуна 15 бала 31-июлдан тартып 10-августка чейин жиберилди. “Маяк” балдардын эс алуу борборунда балдардын эс алуусуна жакшы шарт түзүлгөндүгүн белгилеп, ата-энелер Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине ушундай балдар үчүн эс алууга шарт түзгөндүктөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети