Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар - биздин келечек

Ноокен районунда билим берүү сапатын жогорулатуу, тарбия берүү мекемелеринин материалдык базасын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бөлүү боюнча Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан үч тараптуу макулдашуулар түзүлүп, иш жүзүндө аткарылып келет.

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алкагында Ноокенде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралардын алкагында Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин окуучуларына КРнын министрлер кабинетинин Жалал-Абад областындагы расмий өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин атынан 101 төшөнчүлөр белекке берилди. Ал эми, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын резерв фондусунан аталган мектептин беседкасынын чатырын оңдоого 33 миң сом каражат бөлүнүп берилди.

Мындан тышкары, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясында ачык эшиктер күнү уюштурулуп, ага райондогу алдыңкы мектеп окуучулары жана бүтүрүүчүлөр катышты. Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда, райондук администрациянын ишмердиги тууралуу кеңири маалымат берилди. Жолугушууда аким Нурлан Шаршеналиев окуучулар мектепти ийгиликтүү аяктап, жогорку окуу жайларга тапшырып, туура кесип тандоого чакырды. Ошондой эле балдарга арналган иш-чара Ноокен райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балдар бөлүмүндө уланып, дарыланып жаткан балдарга оюнчуктар жана таттуулар тартууланды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети