Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар бакчасы ачылды

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Чкалов айылында, биздин келечек муундарыбыз болгон жаш жеткинчек бөбөктөрүбүз үчүн жаңы, №40 "Кимсан" атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму 2021-жылдын 28-январь күнү ачылып, ишке берилди.

Балдар бакчасы 50 орундуу. Балдар бакчасынын ачылышына айыл элинин жана демөөрчүлөрдүн салымы зор. Айыл эли, демөөрчүлөр мүмкүнчүлүктөрүнө жараша каражаттарды топтошуп, бала бакчанын кеңсесин ремонттон өткөрүп, керектүү эмеректерди алып беришти. Айыл элинин муктаждыгы чечилип, кубанып жатышкан кез.

Балдар бакчасынын ачылышына Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Козуев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сариев, билим берүү жана илим кызматкелеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, Могол айыл аймагынын башчысы Э.Турдукулов, айыл эли жана меймандар катышты.

Жогорудагы жетекчилер жаңы балдар бакчасынын ишке берилиши менен куттукташып, жакшы калоо-тилектерин айтышты. Ошондой эле райондук профсоюз комитети тарабынан белектер тапшырылды.

Балдар бакчасынын жамааты бала бакча ачылгандыгына кубанышып, келечек муундарды-балдарды тарбиялап, алдыга карай көптөгөн ийгиликтерге жетишүүнү айтышып, келечеке жакшы максат коюуп жаткандыктарын билдиришти. Ошондой эле айыл эли жана бала бакча жамааты келген меймандарга жана бала бакчанын ачылышына жардам, көмөк көрсөтүшкөн жарандарга ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине албан ийгиликтерди каалашты.

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов