Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар бакчаларынын баштапкы кесиптик уюмдарынын семинары

Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнө караштуу №2 “Ак куу” балдар бакчасында 29-январь күнү балдар бакчаларынын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн семинар болуп өттү.

Биздин бакча 2020-жылдын жыйынтыгы менен райондо “Жылдын мыкты бакчасы-2020” кароо-сынагында 2-орун, ал эми “Мыкты профсоюздук уюму жана төрагасы-2020” кароо-сынагынын жеңүүчүсү болгон.

Семинарды Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов ачып, анда 2021-жылда аткарылуучу иштер, багыттар жана алдыдагы милдеттерге токтолду.№2 “Ак куу” балдар бакчасынын директору Г.Расулова семинардын катышуучуларына бакча жөнүндө маалымат берип, 2020-жылда аткарылган иштери жөнүндө слайддар аркылуу айтып берди.

Семинардын жүрүшүндө Ноокен райкомунун инспектору Т.Бакиров бакчалардагы коопсуздук маселелерине токтолду.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар №2 “Ак куу” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун иш кагаздары, ишмердүүлүгү менен таанышып, жаш профкомдорго усулдук материалдар таркатылды.

 

№2 “Ак куу” балдар бакчасынын профкому А.Абдирашит кызы