Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар бакчаларынын баштапкы кесиптик уюмдары үчүн семинар

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “Кесиптик бирликтин активин окутуу – кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү” темасы боюнча Ноокен райондук кесиптик бирлигинде бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

Бул тематика Борбордук комитет тарабынан абдан туура тандалган. Себеби акыркы учурда профлидерлердин маалымдуулугун, ишинин сапатын жогорулатуу мезгил талабы болуп турат.  Аны утурлай Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу №43 “Керемет” балдар бакчасында 16-сентябрь күнү балдар бакчаларынын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрайымдары үчүн окуу-семинар болуп өттү.

Алгач семинардын катышуучулары бакча менен жана баштапкы кесиптик уюмунун иш кагаздары менен таанышышты. Семинарды Ноокен райКБнын төрагасы К.Нышанов ачып, анда өткөн жылда аткарылган иштер жана жаңы окуу жылына аткарылуучу иштер, багыттар жана алдыдагы милдеттерге токтолду.

№43 “Керемет” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы, “Мыкты профсоюздук уюму жана төрагасы-2021” кароо-сынагынын жеңүүчүсү  Б.Акинбекова аткарылган иштери жөнүндө маалымат берди.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Ноокен райКБнын укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т. Бакиров 20-26-сентябрь күндөрү өтүүчү баштапкы кесиптик уюмдарынын отчеттук чогулуштарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча усулдук материалдар менен тааныштырып, жаш профлидерлерге усулдук жардамдар берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров