Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балаӊды билимдүү болсун десеӊ – “Тарбиячы” тап

Мугалимдин кесибин даназалоо,  мугалимдердин жаш муундарга мамлекеттик  стандартка  ылайык  жаныча ыкмалар менен  тарбия  берүүсүнө көнүл буруу жана алардын  алдынкы тажрыйбаларын таап, жайылтуу  максатында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында  Баткен шаарындагы  Алтын-Бешик мектепке чейинки билим берүү  мекемесинде  2019-жылдын 20-мартында  “2019-жылдын мыкты тарбиячысы”  кароо-сынагынын  шаардык туру  өткөрүлдү.

Кароо-сынактын жобосуна  ылайык  тарбиячылар  төмөндөгү  критерийлерге  ылайык  күч сынашты : Мыкты ачык сабак, тест, өзүн-өзү тааныштыруу, мастер-класс, кызыгууларын көрсөтүшүп, өздөрүнүн кесипке болгон кызыгуу, сүйүүлөрүн көрсөтүшүп, педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү фантазиялары менен  көптөгөн катышуучуларды тан калтырышты. Учурда ата-энелери  миграцияда жүргөн балдардын көздөрүнүн, жан дүйнөлөрүнүн  кусалыктарын  тарбиячы өз кучагына  алып, экинчи эне болуп мээри чачып иштеп келгендиктери жөнүндө  көйгөйдү чагылдыра  алышты.

Сынак Баткен шаардык билим берүү бөлүмү (башчы А.Ахматбеков)  жана билим берүү кызматкерлеринин  профсоюзунун Баткен шаардык комитети (төрайым М.Калыкова)  менен биргеликте  уюштурулду. Жыйынтыгында Алтын-Бешик балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлайым Маткайымова 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы диплом жана баалуу  белектер менен  сыйланды, ал эми 2-орунду  Өрүкзар балдар бакчасынын тарбиячыс Сүйдүмкан Калыкова камсыз кылса, 3-орунду  Тажибай кызы Бегайым  ээледи. Сынактын катышуучулары тийиштүү диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Өткөрүлгөн кароо-сынак Баткен шаарындагы   мыкты тарбиячларды  аныктоого жана алардын иш тажрыйбаларын  шаардык денгээлде  жайылтууга мүмкүндүк берди.

 


Баткен шаары горОО