Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бала бакчаларда эмгекти коргоону уюштуруу

Базар-Коргон районундагы  Акман айыл өкмөтүнө караштуу  Акман айылында  2018-жылдын  октябрь айында №17 “Ынтымак” балдар бакчасында  баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары үчүн семинар болуп өттү .

Семинарга райондун бардык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдары  жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы Сүйүнбек Жаркымбаев катышты.

Семинардын темасы :  1. Бала бакчаларда эмгекти коргоо  жана коопсуздукту уюштуруу

2.Эмгек китепчеси-кызматкерлердин эмгек стажысы   жана эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө негизги  документ.

Семинар өтө кызыктуу, маанилуу болуп өтүп, коптогон суроолор жаралып ага  Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин   профсоюзунун  Базар - Коргон райондук комитетинин   төрагасы  Сүйүнбек Жаркымбаев жооп берди. Катышуучулар бакчада  эмгекти  коргоо   жана  коопсуздук боюнча  жүргүзүлүп  жаткан   иштер  менен  таанышышты.

Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин   профсоюзунун  Базар-Коргон райондук комитетинин  казначысы  Дуйшобаева Бактыгул  катышып, финансалык иштер боюнча  суроолорго жооптор берди.

 

Материалды даярдаган: №17 “Ынтымак”

бакчасынын директору

Пирназарова Алтынгул