Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерге сый көрсөтүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда олимпиаданын областык турунда байгелүү орундарды алган окуучулардын мугалимдери акчалай сыйланышты.

Аталган райондун 5 окуучусу областтык предметтик олимпиадада алдыңкы орундарды ээлешкен. Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитети тарабынан жогорудагы окуучулардын мугалимдерине 60 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Областтык олимпиададан жалпысынан 25 окуучу катышып, 5 окуучу байгелүү орун алышты:

1. Абдувалиев Умар, Аль-Фауз мектебинин окуучусу орус тили сабагынан I орун.

2. Хайруллаев Сыймык, Көк-Арт мектебинин окуучусу тарых сабагынан II орун.

3. Салижанов Абдуллах, Манас мектебинин окуучусу география сабагынан III орун.

4. Эрмаматова Нурайым, Темирбаев мектебинин окуучусу физика сабагынан III орун.

5. Чоробаева Альбина, Көк-Арт мектебинин окуучусу математика сабагынан III орун.

   

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин адиси М.Примкулов