Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

« Баатыр энелерге » көрсөтүлгөн сый

     Ош  областтык  профсоюз  комитети   билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин   арасында   учурда  иштеп  жаткан   « Баатыр  эне »  наамына  татыктуу  болгон   60 ашуун  энелерге   25 май  күнү   сый  урмат   көрсөтүү  менен   дастаркон   тегерегинде   алар  менен   кенен  баарлашып,  мугалимдик  татаал  кесипти   аркалап,   жаш  муундарга   тереӊ  билим ,    татыктуу  тарбия   берип  келе  жаткандыктарына  таазим  билдирип,  ОПКнын  төрагасы   С.Тойгонбаев   куттуктап,  аларга   иштеринде   чыгармачылык   ийгиликтерди,   узун  өмүр,  бекем  ден - соолук  каалап,  келечектин  ээлерине   этно   педагогиканын  алкагында   таасирдүү  тарбия   берүүлөрүнө  үндөдү.                      

      Областтын  аркайсы  Райшаар ,  окуу  жайларынан  келген   энелерге   ыр, күү,  бийлер  тартууланып   көӊүлдөрүн   көтөрүү   менен  жогорку  маанайдагы      иш – чаара  өткөрүлдү.   Иш  - чааранын  жүрүшүндө   энелер  өздөрүнүн  ыраазычылыктарын   билдиришип,   жалпы  эле  профсоюздун   иштерине  ийгиликтерди   каалашып,   баталарын  беришти.  Иш  - чааранын   аягында  энелер  үчүн   даярдалган   баалуу  белектер  тапшырылды.

                                                                                                          

                                       Ош  областтык  профсоюз  комитети