Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баатыр кесиптештер сыйланды

2023-жылдын 4-майында Ноокен райондук билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлик комитети тарабынан 9-май-Улуу Жеңиш майрамына карата Ноокен районунун билим берүү тармагындагы Афган согушунун, Чернобыль  жана  Баткен  окуяларынын катышуучулары үчүн куттуктоо иш-чарасы уюштурулду.

Анда Чернобыль окуясынын катышуучулары - №15 Семетей атындагы орто мектебинин  мурдагы директору Б.Арапбаев, аталган мектептин мугалими Б.Мурзабаев, Кочкор-Ата  спорт мектебинин директору А.Усманов, №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин аскерге чейинки даярдоо (АЧД) сабагынын мугалими Т.Осмонов, №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин АЧД мугалими Х.Чолпонов, №19 А.Казаков атындагы орто мектебинин АЧД мугалими К.Хусанов жана №34 “Жазгак” орто мектебинин АЧД мугалими М.Мамадалиев чакырылды.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси жана Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин кызматкери З.Алимбекова чакырылган конокторду алдыдагы майрамдары менен  куттуктап, кесиптик бирлик комитети тарабынан сыйлуу белектерди тапшырышты.

Иш-чаранын соңунда аземдин сыйлуу коноктору алар үчүн жыл сайын унутулбай көңүл бурулуп, иш-чаралар уюштурулуп тургандыгы үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети