Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баалуу белектер тапшырылды

Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин биргелешкен иш планына ылайык 2023-2024-окуу жылында предметтик олимпиаданын райондук турунда окуучулары мыкты көрсөткүчкө жеткен 28 билим берүү кызматкерин сыйлоо аземи уюштурулду жана аталган мугалимдерге Ыраазычылык кат менен кошо баалуу белектер тапшырылды.

  Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Жеемуратов,  башкы адис Г.Саюнов жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы А.Бердиев өз сөзүндө ийгиликтерди каалоо менен  ыраазычылыктарын айтып өттү.

Сыйлоо аземине катышкан мугалимдер өз кезегинде райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитети