Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Азык-түлүк баштыкчалары берилди

Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан 2024-жылдын 19-март күнү Өзгөн районунан - 15, Өзгөн шаарынан - 5 турмуш-шарты оор, жардамга муктаж билим берүү кызматкерлерине азык-түлүк баштыкчалары тапшырылды. Иш чарага Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж. Асанбаев катышты. Жардам алган кызматкерлер кесиптик бирликтин областтык комитеттин алгылыктуу иштерине ыраазычылыктарын билдиришти. Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов көрсөткөн колдоолору үчүн Ош областтык кесиптик бирлик комитетине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети