Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Баткен шаарындагы "Айкөл" ресторанында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбековичтин катышуусунда 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата Баткен облусундагы ар кыл тармакта эмгектенген аялдар жана чек ара коогалаңында каза болгон баатырлардын энелеринин, аялдарынын  катышуусунда майрамдык сый дасторкон жасалып, концерттик программа тартууланды.  

Майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, ага Баткен облусу боюнча 45 билим берүү кызматкерлери (айымдар) катышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө алдыңкы билим берүү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты. Чакырылган бардык билим берүү кызматкерлери (айымдар) Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин баалуу белектерине татыктуу болушту.

 

Маалыматты даярдаган:  Гапарали уулу Мансур - Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин адиси