Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Автордук кабинет ачылды

Ала-Бука районунун №4 Акпаралиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Токтокан Алыбаевнанын атындагы автордук кабинеттин ачылышы болуп өттү.

Иш чарага Алыбаева Токтокан Калбаеванын  мектепте, окуу жайында чогуу иштеген кесиптештери, жакындары, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мектеп жамааты катышты.

Мектеп директору Чалданбаева Дамира Алыбаева Токтокан Калбаевнанын ысмын мектептин чет тили кабинетине ыйгарылып жаткандыгын белгилеп, ага көмөктөшкөн жергиликтүү депутаттарга анын үй бүлөсүнө ыразычылыгын билдирди.

Райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев замандашы катары Т.Алыбаеванын ишмердүүлүгүнө кеңири токтолуп демилге көтөргөн мектеп жамаатына ыразычылыгын билдирип, белегин тапшырды.

Чогуу иштешкен ардагер эжекелерден Алматова Каныгул, Мамбеталиева Зубайда, окуучусу Орунбаева Назгул өз каалоолорун айтышты.

Мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды. Баласы Алыбаев Муктарбек  жалпы катышуучуларга ыразычылыгын билдирип жыйынтыктап жатып мындан ары дагы тех каражаттар менен толуктарын үзгүлтүксүз мектеп менен байланышта болоруна токтолуп өттү.

 

Даярдаган: Мектептин кесиптик бирлик уюму