Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Август усулдук окуу күндөрү.

Август усулдук окуу күндөрү.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин педагокторуна 2020-жылдын 21-22-август күндөрү “август усулдук окуу күндөрү” өткөрүлдү. Кырдаалга байланыштуу август усулдук окуу күндөрү райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары жана райондук предметтик жетекчилери менен биргеликте жумушчу топ түзүлүп, онлайн форматында Zoom программасы менен шилтемелер жеткирилип өткөрүлдү.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев ар бир педагокго кайрылып жаңы окуу жылы менен куттуктап, дистанттык окуутуну үзүрлүү алып кетүүнү, ата-энелер менен тыгыз байланышта болууну жана районо тарабынан жөнөтүлгөн маалымат, нускамаларды жоопкерчиликтүү аткарууну айтып кетти.

Август окуу усулдук күндөрүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинеттин усулчулары жаңы стандарты, жаңы программаларды педагокторго усулдук жардам катары бере алды.