Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Август конференциясы Чүй-Токмокто

2021-жылдын 10-сентябрында Чүй-Токмок  билим берүү бөлүмүнүн билим берүү системасындагы педагогикалык кызматкерлердин, жетекчилердин  август конференциясы «Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи!» деген темада болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарова Айнура Алмасбековна, Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Шакиев Жыргалбек Тургунбекович, Токмок шаарынын мериясынын аппарат башчысы Аралбаев Жаныбек Асангазиевич, Токмок шаардык Кенештин төрагасы Санзызбаев Тынайбек Мамеджанович жана райондук, шаардык түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышты жана куттуктоо сөздөрүн жолдошту. 

«Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи!» доклады менен Чүй-Токмок  билим берүү бөлүмүнүн  башчысы сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө билим берүү мейкиндигин руханий-адептик маданияттын мейкиндигине айландыруу аркылуу билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана камсыз кылуу маселелерин талкуулоо б.а. маданият аркылуу билим берүүнүн сапатын башкаруу: билим сапаты – маданияттын сапаты – адамдын сапаты – иштин сапаты – жашоо сапаты экендигине токтолду.Ошондой эле жарыш сөзгө Чуй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Наматов Самат Джумагулович чыгып “Коронавирус менен курөшүү боюнча көрүлгон чаралардын шартында иштөөнүн озгөчөлүктөрү” темасы менен ой бөлүштү. Докладда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жургүзүлгөн иштер, коомчулук менен  жургүзүлгөн иштер жөнүндө баяндалды. Ошондой эле жаңы кирип келген окуу жылында билим берүү кызматкерлери менен жана алар үчун  иштеле турган иш пландарга токтолду. Конференциянын соңунда 2021-2022-окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча жыйынтык чыгарылып жакшы көрсөткүчкө жетишкен билим берүү мекемелерине Токмок шаарынын мэриясынын, Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды. Конференция жакшы маанайдагы ыр күүлөр менен жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: Чүй райондук КБКнын төрагасы С.Наматов