Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Август кеңешмеси - 2023

2023-жылдын 22-август күнү Ала-Бука райондук маданият сарайында мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү. Кеңешмеге чакырылган коноктор, мугалимдер маданият үйүнүн кире бериш залындагы көргөзмөлөр менен таанышып залдан орун алышты. Кеңешмени Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Баймуратов Атамырза Эргешович ачып, райондогу билим берүү мекеме-уюмундарындагы аткарылган иштер жөнүндө кеңири маалымат берип алдыдагы аткарыла турган милдеттерди белгиледи. Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жунусова Асел Айтыкуловна билим берүүдөгү жетишкендиктерди айтып мугалимдердин ишине ийгиликтерди каалап алдынкы мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырды. Райондогу айыл өкмөттөрү да каалоо тилектерин билдиришти айрыкча 1-май айыл аймагынын башчысы Шербаев Мухтар мугалимдердин түйшүгүнө токтолуп быйылкы жылы алдынкы олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө алтын тамга алган окуучулардын мугалимдерине акчалай байгелер берилерин белгиледи. Мекеме-уюмдардын башчылары, ардагер мугалимдер, жаш адистер калоо тилектерин билдиришти.

Жыйынтыгында 2022-2023-окуу жылындагы ийгиликтери, 2023-2024-окуу жылына даярдыктары үчүн алдынкы билим берүүчү уюмдарына райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 1, 2, 3-даражадагы дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитети