Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аттестат тапшыруу

23-июнь күнү Кыргызстан боюнча бардык мектептерде бүтүрүү аземи болуп анда бүтүрүүчүлоргө ЖРТнын (жалпы республикалык тестирлөөнүн) жыйынтыгы айтылып жана аттестаттар тапшырылды.Бул аземди утурлай Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлумунө караштуу бардык мектептерде дагы  аттестаттар жана сертификаттар тапшырылды. Биз билими күчтүү, тырышчаак, азыркы коомдун татыктуу келечек ээлеринин өсүп өнүүгүсүнө чоң салым кошкон мугалимдерибиз менен дагы сыймыктанабыз.

Токтосун Шадыханов атындагы 14-инновациялык гимназия мектебинин 11-классынын окуучусу Канатбеков медер-209 упай алуу менен, “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыгы менен медалист, артыкчылык аттестат менен бүтүрүп шаарын, мугалимдерин, ушундай даражага жеткирип тарбиялаган ата-энесин сүйүндүрүп турду. Бул аземге атайын мугалимдерди, окуучуларды куттуктоо үчүн Таш-Көмүр шаарынын мэри Р.А.Асаналиев, БББнүн башчысы Т.К.Шабданов өздөрү келишип куттуктоо сөздөрүн арнашты.

Токтосун Шадыханов атындагы 14-инновациялык гимназия мектебинин жамааты 23-июндагы жетилүү аттестаттарын өз окуучуларына сыймыктануу менен тапшыруу земинде.

Канатбеков Медер артыкчылык аттестатынын ээси жана шаардын мэри Р.А.Асаналиев, билим берүү болүмүнүн башчысы Т.К.Шабданов жана мектептин директору Н.Атаярова менен.

Окуучуларды Таш-Көмүр шаарынын мэри Р.А.Асаналиев куттуктоо учурунда

Ташболотова Аиданы ШББнүн башчысы Т.К.Шабданов куттуктоо учурунда

Шаардын жетекчилери жана сүйүктүү мугалими,математика предметинин окутуучусу Барпыбаева Анара эжеке менен биргеликте

Мектептин директору Н.Атаярова

Бутурүүчүлор экинчи энесиндей болуп калган класс жетекчиси менен

Шашчу элем мектеп көздөй таң эрте,

Китеп,дептер колго алып күндо эле.

Айлар жылга,жылдар жылга алмашып,

Турам бугун коштошуу күн кечесинде

Кош деймин,алтын уям билим кени мектебим,

Келечекке жолумду ачтын абдан кенен.

Мээримин,билимин,талыкпастан бизге берген,

Мугалимге,эжейимге алкыш айтам өтө терең.

Окуучулардын алган негизги билими жөнүндө аттестаттары жана сертификаттары келечекке багыттаган,жол көрсөтүүчү ак жолтой документтерден болушуна чын жүрөктөрунөн мугалимдер,ата-энелер,келген коноктор тилектерин билдирип турушту.Ушул тилектерди улай бүтүүрүчүлөргө кең келечек,коомдо өздөрүнүн ордун тапкан,кандай бийик максаттарды алдына коюшса орундалышына,элибиздин татыктуу инсандарынан болушуна ишеним билдирип ак мектебинен узатышты.

Даярдаган: Э.Ж.Эгизлиева.