Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ат-Башы районунда семинар болуп өттү

Ат-Башы районунун "Ак-Жар сезими" мектепке чейинки билим берүү уюмунда "STEM билим берүү технологияларын мектепке чейинки билим берүү уюмунда колдонуу ыкмалары" аталышында райондун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн семинар болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө кенже тайпанын тарбиячысы Казыбек к Бегимай " Тоту куш", ортонку тайпанын тарбиячысы Б.Казыбаева "Сук дүйнөсү" ал эми жогорку тайпанын тарбиячы Э. Ибраимова "Дениз жашоочулары" аталышындагы кызыктуу сабактарды өтүштү.

Семинарга Ат-Башы райондук администрация башчысынын орун басары Ж.Жантелиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы башчысы О.Солтобаев, Ат-Башы райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Керималиев жана Ат-Башы райондук мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары катышты.

 


Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ат-Башы райондук комитети