Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ашпозчулар таймашы

Кара-Көл шаарынын мектептер жана мектепке чейинки мекемелер арасында ашпозчулардын  таймашы “Жылдын мыкты ашпозчусу-2021” болуп өттү. Бул кароо-таймаш мектептерде 1-4-класстардын окуучулары үчүн ысык тамак берген ашпозчулардын кесибинин даражасын  көтөрүү, деңгээлин арттырууга шыктандыруу жана эмгегин баалоо максатында шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитети тарабынан уюштурулду.

Ар бир жамааттан 1ден ашпозчу таймашка катышты. Дегеле ашпозчулук кесиптин ээлери  ойлоп тапкыч, фантазиясы, дүйнө таанымы кенири болуш керек. Алар адамдардын табитин таба билиши керек.

Ал эми биздин мектептин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдардагы иштеген ашпозчулар кичинекей балдардын табитин табууга фантазиясын, бар чыгармачылыгын, ойлоп табуучулук менен  аракеттерин тынбастан жасап келет. Андан башка да бул кесиптин ээлеринде б.а.  биздин ашпозчуларда  чыдамкайлык, ишенимдүүлүк, тазалык сыяктуу сапаттар дагы бар.

Сынакта “Мектеп тамагынын калькуляциясын түзүп, жактоо” жана ашкана жана аны күтүү, тазалыгын сактоо, менюдагы тамактарды  даярдоого коюллган талаптар  боюнча 20 суроодон турган тест болду. Ошондой эле ашпозчунун потенциалын жана жөндөмүн, ылдамдыгын тастыктаган кулинардык таймаш ж.б. чыгармачылык талантын көргөзгон тапшырмалар болду.

Жыйынтыгында №4 Шопоков атындагы орто мектебинин ашпозчусу Субаналиева Атырбүбү “Жылдын мыкты ашпозчусу-2021” номинациясына ээ болду. Ал эми калган ашпозчулар дагы чеберчилигине жараша “Мыкты кондитер”, “Эң мыкты, өзгөчо менюнун ээси”, “Чыгармачылык эргүү менен тамак жасаган ашпозчу”, “Улуттук тамактардын ашпозчусу”, “Алтын колдуу ашпозчу” номинациялары ыйгарылды.

Шаардык профсоюз комитети тарабынан грамота, белектер тапшырылып, катышуучулар жана конкурсанттар ыраазы болушту.

 

Маалыматты даярдаган: Кара-Көл шаардык КБКнын төрайымы А.Каракозуева