Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ариет» чыгармачылык борбору республикалык сынактардан байгелүү орунду ээледи

«Эрудит» жана «Кыялга кадам» республикалык сынактарынан Жалал-Абад шаарындагы "Ариет" балдар чыгармачылык борбору 2-орунду ээледи. Сынак билим берүү министрлиги менен «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган.

Бүгүн балдар борбору менен Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыковдор жолугуп, дипломдорду жана кызыктыруучу белектерди тапшырды.

 

 

 

Маалыматты даярдаган: Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети