Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардактуу наамга татыктуу болду

Тармактык кесиптик бирликтин кыймылына кошкон чоң салымы, социалдык өнөктөштөштүктү бекемдөө жана билим берүү мекемелериндеги кызматкерлеринин укугун, кызыкчылыгын коргоодо үзүрлүү эмгеги үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2024-жылдын 9-январындагы №6/2 токтому менен кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяровго “Жылдын Мырзасы” ардактуу наамы ыйгарылды.

Аталган сыйлык 2024-жылдын 9-январында болуп өткөн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин пленумунда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев тапшырып, билим берүү кызматкерлердин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо, кызматкерлердин ден соолуктарын чыңдоо иштерин  дагы да болсо жогорулатууну белгилеп, кесиптик бирликтеги ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

 

К. Кудаяров көп жылдык педагогикалык, жетекчилик жана кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндө бир топ алгылыктуу иштерди жасаганга жетишип, жаш кесиптик бирлик мүчөлөрүнө, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жаңы шайланган төрага, төрайымдарына жол корсөтүп, иш кагаздары менен иштөөгө жана кесиптик бирлик уюмдарынын кадыр баркын жогорулатуу, аларга болгон ишенимди арттыруу быгытында устаттык кылып, жол көрсөтүп келүүдө.

Кесиптик бирликтин 670 тен ашык мүчөлөрү болсо, алардын ар бирине көңүл бөлүүгө жана көйгөйлөрүн угуп, мүмкүн болушунча чечүүгө аракет кылып, ден соолугун чыңдоо жана материалдык жардамдарды уюштурууну колго алып келет.

2024-жылдын 12-январында өткөрүлгөн шаардык мугалимдердин январь окуу усулдук күнүнүн ачылуу аземинде шаардын мэри Б.Абдыжапаров жана ШБББнүн башчысы башкы өнөктөштөр дагы бир ирет К.Кудаяровдун ардактуу наамга татыктуу экендигин белгилөө менен, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети