Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардактуу наам ыйгарылды

2024-жылдын 16-январында И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин курамдык жетекчилердин кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда И. Арабаев атындагы КМУнун  ректору Абдраева Айгүл Төлөкөвнага “Жылдын Датка айымы” ардактуу наамы ыйгарылды.

Тармактык кесиптик бирлик кыймылына кошкон чоң салымы, социалдык өнөктөштөштүктү бекемдөө жана билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин укугун, кызыкчылыгын коргоодо үзүрлүү эмгеги үчүн И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин ректору Абдраевага Айгүл Төлөкөвнага КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2024-жылдын 9-январындагы №6/2 токтому менен  “Жылдын Датка айымы” ардактуу наамы ыйгарылды.

Ардактуу наамды КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев тапшырып, социалдык өнөктөш катары кызматкерлердин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо, кызматкерлердин ден соолуктарын чыңдоо жана эс алдыруу иштерин жогорку деңгээлде уюштуруу сунушун берүү менен университеттин жалпы жамаатына ийгиликерди каалады.

 

 

 Маалыматты даярдаган:  И.Арабаев  атындагы кесиптик бирлик комитети