Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер мугалимдердин кесиптик майрамдарына карата салтанат

      Районубуздун аймагындагы мектеп, мектепке чейинки мектептен тышкаркы мекеме уюмдарда иштеп жаткан жана эс алуудагы пенсия жашындагы 
ардагер мугалимдердин кесиптик майрамдарына карата салтанат өткөрүлдү. Салтанатка билим берүү уюмдарында иштеп жаткан алдынкы мугалимдер, 
эс алуудагы ардагер агай эжелер жана райондук администрация жетекчилери, айыл аймагынын башчылары, мекеме уюмдун жетекчилери катышышты.
      Негизинен алдынкы мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды. Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан ар билим берүү уюмдардын ар бирине 1000(бир 
мин) сомдон же жалпы 15000(он беш мин) сом, Чаткал айыл аймагы жалпы 2000(эки мин)сом, Чаар ат. зав ЖАК тарабынан 10000 (он мин) сом, райондук 
профсоюз комитети тарабынан ардагер мугалимдердин сый тамагына жана акчалай 15000(он беш мин) сом берилди. Ошондой эле районго бир топ 
эмгектери сиӊген, жогорку кызматтарда иштеген, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, райондук профсоюз комитетинин төрагалары болуп иштешкен бирок азыркы мезгилде ооруп жатышкан Рысбеков Сатимбай жана Баймырзаев Каныбек агайлардын ден-соолуктарын сурап, майрамдарын менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Тынышов, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ы.Кудайбердиев белектер менен куттуктап келишти.

  Чаткал райондук профсоюз комитетинин төрагасы: Ы.Кудайбердиев