Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ардагер мугалимдердин алма багы»

Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң айылындагы Ыбрай Туманов атындагы орто мектебинин эмгек жамааты райондун аймагындагы өткөрүлүп жаткан көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун бир айлыгынын алкагында мектепке тиешелүү болгон участокко алма багынын 200дөн ашык көчөтүн отургузуу менен ал жерге «Ардагер мугалимдердин алма багы» деген атты ыйгарышты жана салтанаттуу иш-чара уюштурушту.

Мектептин директору Асаналиев Нурбек салтанаттуу жыйынды ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө бүгүнкү күнгө чейин аталган мектепте 50дөн ашык мугалимдер иштеп, татыктуу эс алууга кетишсе, алардын бир катарынын көздөрү өтүп кеткен. Оздөрүнүн бүткүл өмүрүн ушул мектепте иштөөгө арнап, жүздөгөн жаш муундарга билимин, тарбиясын беришкен ардагер мугалимдердин ысымдары унутта калбай дайыма эскерилип турушу үчүн ушул иш чараны уюштуруп жатабыз деди, мектеп директору.

Салтанатка чакырылган меймандар, ардагер мугалимдер, айыл тургундары бул иш аракет Ак-Суу районуна үлгү болоорлук саамалык болгонун баса белгилеп өтүштү. Аталган мектептин 1974-жылкы бүтүрүүчүсү, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев да бул иш чарага катышуу менен өз сөзүндө ардагер агай-эжейлердин эмгектери баа жеткис экендиги, алар бүгүнкү күндө да жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо мектеп мугалимдерине көмөктөш болуп жатышкандыгын жогору баалады.

Салтанаттуу жыйындын соңунда анын катышуучулары ар бири бөлүнгөн аянтчага алманын жаш көчөттөрүн отурузушту

 

Маалыматты даярдаган: Ы.Туманов атындагы орто мектебинин профкому Э.Ибраева