Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер агайлар сыйланды

2021-жылдын 5-март күнү Билим берүү жана кызматкерлеринин Ноокен райондук комитети тарабынан атайын иш чара уюштурулуп, анда райондун аймагындагы мектепте эмгектенген жана ардактуу эс алуудагы ардагер агайлар чакырылды.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов иш чарага чакырылган ардактуу агайларыбызды 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү жана 5-март ак калпак күнү менен куттукташып, белектер тапшырылды.

Ардагер агайларыбыз жетекчилерге өз ыраазычылыктарын айтышып, баталарын беришти.

 

Ноокен райондук комитети