Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Араван райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинде облустук деӊгээлде семинар өткөрүлдү

     2017-жылдын 21-апрелинде Араван районунун билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирликтеринин төрага, төрайымдарынын, борборлоштурулган эсепкананын эсепчилеринин, билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн жетекчисинин, жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар өткөрүлдү.

     Семинардын ишине Ош облустук билим,илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.Аттокуров жана эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча жетектөөчү адис Э.Ажиматовдор жетекчилик кылышты.

     Окуу семинардын жүрүшүн Араван РПКнын төрагасы Б.Турдубаев алып барды. Бул күнү өткөрүлгөн семинардын артыкчылыгы катышуучуларды 15 тайпага бөлүп, ар бир командага өзүнчө суроолор таркатылып берилди.

     Берилген суроолорго катышуучулар 15 минута убакыттын ичинде даярданышып өз жоопторун беришти.

     Ар бир катышуучу семинардын жүрүшүндө өз ойлорун ачык айтышып, кээ бир жеткиликтүү түшүнбөгөн суроолоруна ынанымдуу жоопторду алышты.

Араван райондук профсоюз комитети