Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Апам жана мен

Кыргыз Республикасында 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыялангандыгына карата Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу  №9 Паяз атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде окуучулар жана ата-энелердин катышуусунда  “Апам жана мен” аттуу конкурс болуп өттү.

Конкурстун максаты окуучулардын, ата-энелердин мектеп менен байланышын күчөтүү жана окуучуларга алга карай максат коюп, үй бүлөдө өз ордун табуу, коомдогу ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат.

Мына ушул багыттагы иш чараны технология мугалими Орозалиева Рахат Кочкоровна эжекенин демилгеси менен уюштурулду.

Таймашка 5 окуучу апалары менен 6 шарт боюнча байгелүү орундар үчүн  мелдешти. Таймаштын шарттары ар тараптуу болуп, аягында апалар өз кыздарын канчалык деңгээлде жакшы билээри суроо-жооп аркылуу аныкталды.

Конкурстун жыйынтыгында 1, 2, 3-орун аныкталып, катышуучулар Сакалды айыл өкмөтү тарабынан диплом, акчалай сыйлык жана белектер менен сыйланышты.

 

№9 Паяз атындагы орто мектебинин

баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы

Ж.Сарымсакова