Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алыскы Алайдан алыскы Лейлекке

Лейлектеги  №3  эксперменталдык гимназияда 2018-жылдын 27-28-апрелинде  Алай  райондук  профсоюз комитетинин  төрагасы А.К.Абдыкадыров, усулдук кабинетинин  башчысы  А.Тажаматов ,  директорлордун  секция  жетекчиси  М.Качкынбаев  жетектеген  директорлордун  тобу   Баткен  областынын  Лейлек  районундагы  №3 экспермендалдык  гимназияда «Акыл  эмгегинин маданияты», «Энелер  мектеби»  боюнча  иш  тажырыйба  алмашып  Кыргыз  Республикасынын эмгек  сиңирген  мугалими  Г.М.Мадаминовдун  автордук  эмгектери  менен  танышып  кайтышты.

    Эксперменталдык  гимназия райондук борбор  Исфана  шарынан  70-80км  алыстыкта  Арка  айылында мурдагы  совхоздун  конторасынын  имаратында жайгашкан 190  бала   билим  тарбия  алышат  экен.

Гимназиянын  шарты, жасалгасы идеалдуу   болбосо да  билим  сапаты,  ата-энелер  менен иш  алып  баруу, окуу-тарбия  ишинин  натыйжасы  идеалдуу  деңгээлде  экен. Анткени  кичинекей  гимназиянын  61 бүтүрүүчүсу мед. Академиянын бюджеттик  бөлүмүндө  билим  алышса, бир  жылда  30 бүтүрүучүнүн  14  бүтүрүүчүсү  мед.академиянын  студенти  болушкан.

50дөн  ашык  бүтүрүүчүлөрү   чет мамлекеттерде билим  алышат.  Улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгындагы    орточо  көрсөткүчү  - 168 балл  мындай  ийгиликтер  ондоп  саналат.

Ийгиликтердин  сыры  эмнеде?

Баарлашууда, иш тажырыйба  алмашууда  ийгиликтердин  сыры   эмлерде  экендигине  күбө  болдук.

1-ден «Акыл  эмгегинин  маданияты» деген  атайын  автордук  сабак  киргизилип, предметтин сабактар  менен  байланыштырылып  окутулуп жаткандыгында.

2-ден  «Энелер мектеби» боюнча  атайын  программа  түзүлүп, андан  энелердин  атайын  окуу  программасынан  өткөндүгү  жана  ата-энелердин  гимназия  менен  тыгыз  иш  алып  баруулары .

3-дөн  гимназиянын  иш  убактысында  (830-1730)  мугалимдердин да,   окуучулардын  да, мектепке  келген  ата-энелердин да сөздөрү , баарлашуулары билим – тарбия багытындагы  сөздөр  менен  башталып,  ушул  багыттагы  сөздөр  менен  аякташына өзгөчө  басым  жасалат.

4-дөн  мектепте  мугалимдер  «500дөн  кем  эмес  усулдук  жана энциклопедиялык   адабияттар  менен  камсыз болуу»  деген принципте,  ал эми  ата-энелер  «үйдө 200дөн кем эмес китептер  менен камсыз  болуу»  деген  девизде  иш алып  барып  жаткандыктарында.

Китеп үчүн,  газета –журналдар үчүн эч нерсе  аябаганга үйрөнүшкөндүктөрү  өзгөчө  таң  калтырды.

5-ден  директор,  эксперменталдык  автор  Гапыр  Мадаминов Маматкул уулунун  директорлук  кабинетинин  «окуу усулдук лаборатория» экендиги . Кымбат  баалуу  Оксфорддун  китептеринен  баштап, не деген  укмуш  китептерге  күбө  болосуң.

6-дан  директор – мугалим,  мугалим-окуучу,  мугалим-ата-эне, коочулук  ичиндеги  эркин  баарлашуунун  калыптангандыгы.

7-ден, жамааттагы  ынтымакчылык  талыкпаган  эмгек, өз ара түшүнүшүү  жана  иштин  натыйжасына  карата  алга  умтулуу,  сабырдуулук.

Энелер  мектебиндеги  эмгектер

«Энелер мектеби» атайын  программа  боюнча  иш  алып  барышат жана  кеминде  20 сааттык  окуудан  өтүшөт.

Энелердин,  аталардын Чыңгыз  Айтматовдун 8 томдугунан  баштап,  окуу  тарбиялык  багыттагы китептерди өз алдыңча окуп  үйрөнүүгө,  талкуулоого өтүп жатышкандыктары өзгөчө көрүнүш.

Энелер  13 багыттагы  китептерди.  газета-журналдарды топтоп, үй-бүлөлүк китеп  кана  түзүүгө  жетишкен жана 20 саат  энелер  мектебинде окуугандан  кийин  атайын  экзамен  тапшырышат

«Энелер  билимдүү  болмоюн, балдар  билимдүү  болбойт»  деген  Исхак  Разаковдунулуу  сөзү  ар  дайым энелердин көңүлдөрүндө.

«Энелер  мектеби» - аңгеме, юмор,  баарлашуу  иретинде иш  алып  барып, жадатма  эмес.

Майрамкан  эне  эмне  дейт

Майрамкан «Энелер мектебиндеги»  активдүү  энелердин  катарын  толуктап,  коңшу  айыл  өкмөттөн балдарын  алып  келип  окутат. Иш тажырыйба алмашуу  учурундагы Майрамкан  эненин  төмөндөгү кептери  өзгөчө  таасир  калтырды.

«Бирɵөнүн  жакшылыгын  көрүп  айтып  турсан,  алла  сага  ошончолук  жакшылыгын  жаадырып  турат экен» (Майрамкан)

«Адам напсиге  эмес, жүрөккө  кулак  салыш  керек  экен»  (Майрамкан)

Мындай  сөздөр  50 гө  жакын  ата-энелер  катышкан  «энелер  мектебинде»  ондоп  айтылып  алардын  иш  менен  айкалышкандыгы  далилденди.

Иш  менен  эс  алууну  айкалыштырып

Иш  тажырыйба  алмашуудан  кийин  Жаштык  айылындагы  мектептин  директору  Ысманалынын  коштоосунда  директорлор  тобу  Тажик  Республикасынын  Ходжент (мурдагы  Ленинабад) шаары  жана  андагы  тарыхый  жерлер  менен  таанышып , Сыр  дарыянын  жээгинде  болушуп  ошондой  эле  Баткендеги  тарыхый  «Манас» комплексинде  болушуп  иштен  кийинки  эс  алууну  айкалыштырууга  жетишишти.

Алыскы  Лейлекке  жана  Ходжентке  барган   15  профсоюз  мүчөлөрүнүн, директорлордун  сапар  чыгымдары  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитети  тарабынан  каржыланды.

Качкынбаев М. -  Б.Нарматов   атындагы  орто  мектебинин  директору,  директорлор  секция жетекчиси

А.К.Абдыкадыров – Билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы.

 

Эксперменталдык  гимназиядан алган  таасирле  жөнүндө

  кесиптештер  ой  бөлүшөт

Мен  бул  гимназиянын  иш  тажырыйбасын  көрүп  медициналык диагностикалык  аппаратка  салыштырдым. Анткени  билим  берүүдө  бул жерде  окуучунун  деңгээлин  аныктап  алып  ошол  багытта  гана  билим  берип  башташат  экен.  Имараттын  эскилиги  жана  жасалгалардын  анча  эле  көп  эместиги  бирок  жыйынтыкты  алып  караганда  бул  гимназиянын  иши  эң  бир  жогорку  деңгээлде  экени  көрүнүп  турат.

 

Бул гимназия  дал  Дүйшөндүн  мектеби,

Мени ойлонтуп бийик  жарга  кептеди.

Окуучунун  кол калеми  дептери, 

Суктандырат сабак  өткөн  кептери.

 

Оорубасын оомат  келсин  агайга,

Ак  эмгеги  айтылгандай  даалайга

Көп  нерсени  алдык  биз да  кызыгып,

Мактанабыз  жайылтабыз  Алайга.  

Тиленбаев Космос, Будалык  баштооч мектебинин  директеру, Лейлек  сапарынын  делегаты.