Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алдыӊкы иш тажрыйба менен тааныштык

    Чаткал райондук билим берүү бөлүмү, райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин кошмо жыйынында Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиясынын директору  КРнын Ардак грамоталарынын ээси, учурдагы чыгаан мугалим Гапыр Мадаминовдун иш тажрыйбасы менен кеӊири таанышып, райондо пайдалануу боюнча токтом кабыл алынган. Ошол токтомдун алкагында  райондун билим кызматкерлеринин бир тобу элеттик-мугалимдин иш тажрыйбасы менен таанышып көзмө-көз баарлашып кайтышты.

    Иш чаранын кийинки бөлүгүндө Чаткалдан барган топ «Айгүл» гүлүнүн тарыхы менен таанышып, атайын түзүлгөн корукта Баткендик туугандардын жүргүзүп жаткан алгылыктуу иштерине ыраазычылык билдиришти.

   Райондо иш-тажрыйбаны максаттуу жүзөгө ашыруу боюнча атайын пландар түзүлүүдө.

Ы.Кудайбердиев райкомдун төрагасы