Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аламүдүн районунун билим берүү кызматкерлеринин спорт жаатында таймашуусу

Аламүдүн райондук билим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан «Биз - сергек жашоо образы үчүн!» - деген ураан астында райондун билим берүү кызматкерлеринин арасында салтка айланып калган спартакиада 2021-жылдын март айында өткөрүлдү.

Таймашка 27 баштапкы профсоюз уюмунан 380 кызматкер катышып, спорттун волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча өз күчтүрүн сынашты. Командалар катышууга гана эмес, жеңишке жетүү үчүн чоң каалоо менен ат салышты. Волейбол боюнча мелдештерде курч көрүш жүрдү. Катуу атаандаштыктын натыйжасында Кара-Жыгач мектебинин командасы жеңике жетишти. 2-орунду Бер-Булак жана 3-орунду №1 Аламүдүн орто мектептери багындырышты.

Шахмат боюнча 1-орунга З.Солтонгазиева - Таш-Мойнок ЖББОМ жана Г.М.Тен - Пригород ЖББОМ; 2-орунга С.Н.Ташматова - №1 Аламүдүн ЖББОМ жана И.А.Арматов - Ж.Касымбаева атындагы МГ, 3-орунга Д.И.Ашурова - №1 Васильевка ЖББОМ жана Б.Т.Мукашев С.Чокморов атындагы ЖББОМ кызматкерлери ээ болушту.

Стол тенниси боюнча 1-орунга П.Ч.Сатенова - Ленин ЖББОМ жана К.Кааров - №1 Васильевка ЖББОМ; 2-орунга М.Усенкунова - Мрамор ЖББОМ жана Н.М.Аттокуров - №1 Аламүдүн ЖББОМ, ал эми 3-орунга  Н.А.Мамедова – Төмөнкү-Аларча ОМ жана Болот у. Дастан - Жогорку Аларча ЖББОМ кызматкерлери  татыктуу болушту.

“Мыкты оюнчу” деп Н.А.Умаралиева, С.А.Төрөбаева, Р.Б.Болотбекова, М.Марахимова, Рыскул кызы Айзуура, Н.Масимовалар табылды.  

Катышуучулардын ыраазычылыгын камсыз кылуу райондук профсоюз комитети  өзүнүн жоопкерчилигне алган. Женүүчүлөргө  райондук профсоюз комитети тарабынан  акчалай сыйлыктар жана  дипломдор тапшырылды.

Мындай иш-чаралар  билим берүү кызматкерлеринин  жакындан таанышып, спорт майданында ат салышып жана  окуу процессинен  бир аз да болсо алаксуу экени талашсыз.Катышуучулар жана күйөрмандар  жакшы маанай жана унутулгус эмоциялар менен камсыз болушту. 

 

Маалыматты даярдаган: Аламүдүн райпроф комитетинин төрайымы Б.Намазбекова