Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алайдагы жайкы эс алуунун өтүшү

 

Алай  районунда стационардык эс алуу лагери жок болгондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомуна жана  билим, илим  министрлигинин атайын буйругуна ылайык ар түрдүү булактарды пайдалануу менен балдардын эс алуусу уюштурулууда.

4 айыл округунун каржылоосу менен  жайлоо эс алуу  лагерлери уюштурулуп 60 бала эс алууда.

Кореялык НПО менен биргеликте № 20  К. Турганбаев атындагы орто мектепте 100 бала күндүзгү лагерде эс алышууда.

Алай райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин каржылоосу менен 180 бала  ар түрдүү атракциондору бар “Сим-Сим” эс алуу паркында  көңүл ачып жатышат. Мында көбүнчө социалдык жактан  колдоого муктаж болгон үй бүлөлөрдүн  балдары келип акысыз эс алышууда. Балдарга балмуздак менен суусундуктар акысыз берилет.Ар түрдүү сегиз  аттракциондордон акысыз пайдалана алышат.