Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алайдагы 2014-жылдын жайында балдардын эс алуусунун жүргүзүлүшү боюнча

 

Жайкы каникул  мезгилинде № 20 К. Турганбаев  атындагы орто мектепте Түштүк Кореядан 20 студент котормочулары менен 30-июлдан 3-августка чейин 5 күндүк эс алууну мектептин 100  окуучусуна уюштуруп беришет. Окуучулар  10 тайпага бөлүнүп эс алышат. Жетекчиси  Ош ТУнун Корей борборунун  мугалими- Ли Хен Енг. 3-август күнү саат 14 – 00  дө эс алган окуучулардын ата-энелери менен баарлашат.

 

       Окуучулар жайкы эс алуу учурунда англис, корей тилин өздөштүрүү менен бирге  сүрөт тартып, музыка угушат, түрдүү кыймылдуу оюндарды ойношот жана тайэквондо үйрөнүшөт. Ар бир күнү  окуучуларга түшкү тамак берилет.

 

Э. Мурзаев атындагы орто мектептен  жайкы каникул учурунда  үч окуучу  Польшанын  таза суу альянсы программасы боюнча  Ош  шаарындагы“Жаштар клубунун лагерине”   барып эс алууга катышып , таза суу ресурстарын сактоо жана туура пайдалануу боюнча окуп келишти.

 

Райондук балдардын чыгармачылык борборунун экология ийриминин төрт  окуучусу билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган сынактан жеңип алып, “Жашыл ой-юность” экологиялык лагерине  10 күн  бекер  эс алууга жана семинарга барып келишти. Бардык чыгымдар  министрлик тарабынан каржыланды.

 

Айыл округдары тарабынан уюштурулган  жайлоо эс алуу лагерлеринде   Сары- Могол, Аскалы, Кабылан-Көл, Чыйырчык  жайлоолорунда  15 тен 60 бала  эс алышып, мектепке чейинки билим берүүнүнбашаттары менен таанышышты.

 

Ош шаарындагы  “Жетчинчек”    эс алуу лагеринде  № 4 К.у Абдыразак атындагы  лицей –интернатынын  социалдык жактан  колдоого муктаж  жана  аз камсыз болгон  үй-бүлөлөрдүн 10 окуучусу билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Ош облустук комитети тарабынан  каржыланып, бекер  эс алып келишти.

 

Алай районундагы Алымбек  Датка  паркында жайгашкан “Сим-Сим”  эс алуу жайында  Гүлчө айыл округунда жайгашкан  6 мектептен 180 балага  8-июлдан 12-июлга чейин   билим берүү  профсоюзунун райондук комитети  тарабынан  эс алуу уюштурулуп,  алар  ар  түрдүү атракциондордо  ойношуп, бекер балмуздактар жана  суусундуктар берилди.

 

 

 

 

 

Алай райондук  билим берүү

кызматкерлеринин профсоюз

комитетинин төрагасы:                                                      А. Каримов