Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала –Бука районунда тил майрамы

2017-жылдын 23-сентябрында Т.Балтагулов атындагы айыл аймагына караштуу мектептери жана балдар бакчаларынын мугалимдери , окуучулары Д.Осмоналиев атындагы орто мектебинде кыргыз тили күнүн райондук деңгээлде белгилөө максатында чоң салтанат өткөрүштү.

         Салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Үсенбаева мекеме уюмдун жетекчилери катышты. Кыргыз тилин даңазалаган ырлар ,макалдар,учкул сөздөр мугалим,окуучулар тарабынан айтылуу менен кыргыз жерин ,элин , тилин даңазалаган ырлар коштолду. Райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Үсенбаева жалпы салтанаттын катышуучуларын уюштуруучуларды куттуктоо менен Ала-Бука жеринде Т.Балтагуловдун атын алып жүргөн айыл аймагында кыргыз тили күнү белгиленип жаткандыгн белгилеп опсун акын Нурмолдонун да кыргыз тилин , элин даңазалаган ырлары китеби жөнүндө айтып ийгиликтерди каалады. Айыл аймагындагы алта мектеп жети балдар бакчалары тарабынан уюшулган көргөзмө, ыр бийлер тартууланды.  

 

Даярдаган уюштуруучулар