Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала – Бука райондук билим берүү бөлүмү, январь кеңешмеси жана райондук профсоюз комитетинин иштери тууралуу

2014-жылдын 10-январь күнү Ала-Бука районунун Н.Орозалиев атындагы орто мектебинде билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин кышкы секциялык иши болуп 1196 мугалим катышты секциялык иштин ачылышында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  С.Акпаралиев мугалимдерди куттуктап 2013-жылдагы ийгиликтерге кеңири токтолуп кетирилген кемчилдиктерди белгилеп өттү. 2014-жылга аткарыла турган иштер боюнча он баскычтан турган түшүндүрмө берип өттү.

         Андан кийин райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев жалпы мугалимдерди куттуктап 2013-жылда билим берүү бөлүмү облуста жылдын мыкты мекемеси болгонун айтып облустук аймак коомдук гезитинин дипломун тапшырды андан кийин Борбордук Комитети тарабынан “жылдын мыкты мугалими “ номинация боюнча октябрь орто мектебинин информатика мугалими Зиедхон Атахожаевге экинчи орунду алгандыгы жөнүндө дипломду жана түстүү телевизорду тапшырды. Ачылуудан кийин баштапкы кесиптик уюмунун төрага (айым) дары менен кеңири жыйын өткөрүлүп 2014-жылда кандай иштер аткарылуусу зарылдыгы жөнүндө талкуулар болду.

 

Ала-Бука райондук билим берүү кызматкерлеринин

 профсоюз    комитети