Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районунда биргелешип өткөрүлгөн семинар жемишин берди

       Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Мектеп жетекчилери жана баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага(айым)дары менен биргеликте райондогу Бекменбетов атындагы орто мектебинин базасында «жумушчунун жана балдардын коопсуздугун сактайлы» деген темада семинар 2016-жылдын 29-сентябрында өткөрүлдү.

       Семинарга райондогу мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, баштапкы кесиптик уюмдун төрага (айым)дары , райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, комитеттин төрагасы чакырылган коноктор катышты. Алгач билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова Чынара Абдыкапаровна семинарды ачып акыркы убактарда өрттөн жабар тарткандарга , сууга чөгүп мерт болгон окуяларга, айрыкча жер жерлердеги болуп жаткан жардырууларга токтолуп райондук профсоюз комитети менен биргеликте семинар уюштурууга тура келгендигин айтып семинардын ишине ийгилик каалады.

        Семинардын катышуучуларын эки топко бөлүп мектаптеги бөлмөлөрдөгү коопсуздук боюнча илинген милдеттерди илинип турган эрежелерди көрсөтүп чыкты.Семинар өзүнүн ишин уюштуруу залында мектептеги иш кагаздары менен таанышуу менен улантты.

        Райондук профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич семинардын катышуучуларына коопсуздук боюнча кеңири маалымат берди айрыкча Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 6- бөлүмүндөгү эмгекти коргоо жана соңиалдык өнөктөштөк боюнча Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25- июлундагы № 154 мыйзамы, 2003-жылдын 1-августундагы «эмгекти коргоо» боюнча кыргыз Республикасынын № 167 мыйзамы боюнча кеңири маалымат берип, жетекчилердин милдеттерин толук слайдыдан көрсөтүп жеткиликтүү түшүндүрмө берди. Эмгекти коргоо боюнча түзүлүүчү жааматтык келишим боюнча суроолорго жоопторду берди. Жыйынтыгында семинардын катышуучулары семинарда көп нерселерди алгандыктарын биддиришти .

         Жалпы семинардын катышуучулары өткөрүлгөн семинардагы алган теориялык билимди октябрь айына карата бир айлык жарыялап жер жеринде практикалык сабактарды өткөрүүнү чечишти.

 

         Райондук профсоюз комитети.