Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АЛА-БУКА РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ТӨРТҮНЧҮ ПЛЕНУМУ:

Ала-Бука райнундук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төртүнчү пленуму 2016-жылдын 15- январында болуп өттү.

    Пленумга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык иштер боюнча орун басары Үсенбаева Калчабүбү Сатимбаевна, Жалал –Абад облустук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич, жалпы билим берүүчү мекемелердин баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагалары катышты.

Пленумда үч маселе карылып негизги маселе боюнча билим берүү кызматкерлеринин профсоюзнун райондук комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич бир жылда жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчет берди.

        Профсоюздун Ала-Бука райондук комитети өзүнүн жер- жерлердеги уюмдары менен бирдикте билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык ,укуктук,кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир катар алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырып жаткандагы белгиленди.

 

Быйылкы окуу жылында райондун жалпы билим берүүчү уюмдары жогорку жана  атайын орто педагогикалык  окуу жайларынын аяктаган 43 жаш адистер менен толукталып ал, жаш мугалимдерге жакшы шарттар түзүлгөн.

Райондо профсоюз комитети үч тараптуу келишимдин негизинде иш алып барып жатат, келишимдер негизинен Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 5- 6- главасынын статьияларынын негизинде түзүлгөн.

             Быйылкы жылда Жалал-Абад областтык усулдук билим берүү борбору уюштурган  мугалимдердин билимин, квалификациясын жогорулатуу курсунан, өтүп келген 49 мугалимге сапар чыгымдары өз учурунда төлөнүп берилди.

            Жыл ичинде 372 профсоюз мүчөсү ар түрдүү эс алууларда болушту мындан 25 профсоюз мүчөсү, Ыссык-Көлгө кыска мөөнөттө, 6 профсоюз мүчөсү курсовкада, 11 профсоюз мүчөсү жолдомолор менен, 328 профсоюз мүчөсү райондун кооз жерлеринде кыска мөөнөттө райондук профсоюз комитетинин каражаты менен эс алышты.

Райондук профсоюз комитети тарабынан 25 мугалим анын ичинен 12 баштапкы кесиптик уюмунун төрагалары  Ыссык-Көлдүн Ыссык-Көл эс алуу үйүндө эс алып келишти.

Обком тарабынан Арстанбап пансионатында үч профсоюз лидерибиз үч күндүк семинарга катышып, (Эшалиева Париза,Жоробекова Айсалкын,Сатыбалдыева Асылкан)  билимдерин жогорулатып келишти.

Райондогу баштапкы кесиптик уюмдарына мүчө болгон профсоюз мүчөлөрү жаңы үлгүдөгү профсоюздук билеттер менен толук камсыз болушту.

Быйылкы жылы жазуу түрүндө эки арыз түшүп түшкөн арыздар оң жагына чечилди, ал эми төрт жолу ооз эки арыз менен кайрылуулар болуп жер жеринде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп профсоюз мүчөлөрүнүн пайдасына чечилди.

  Жыл  ичинде райондук билим берүү кызматкерлеринин президиумунда  8 маселе пландаштырылып, пландан сырткары 6 маселе каралды.

Райондо бардык иштер проблемалар толук чечилди деп айтуу кыйын азыркы күндө билим берүү бөлүмүндө иштеп жаткан эсепчилердин айлык акылары төмөн болуп жатат. Бир айылдан экинчи айылга катап иштеген мугалимдердин жол акыларын айыл аймактары чечип бере албай жатат, ошондой эле мугалимдердин категорияларын кайра кайтарунун үстүндө иш алып барышыбыз керектигин айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович Ала-Бука районунда жүргүзүлүп жаткан жакшы иштерин белгилеп, профсоюздун алдыда турган милдеттерине токтолуп, райондун жалпы билим берүү кызматкерлерине мындан аркы иштерине ийгиликтерди калап кетти.

Ала-Бука райондук профсоюз комитетинин президиуму.