Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала –Бука районунда «Чыгаан мугалим» конкурсунун экинчи туру

2018-жылдын 9-10- апрель күндөрү Ала-Бука районундагы Сегиз айыл аймактарында «чыгаан мугалим» конкурсунун экинчи туру өткөрүлүп мыкты деп табылган 10 мугалим райондук турга жолдомо алып 13 апрель күнү райондук турга катышты. «Чыгаан мугалим» конкурсу № 2 А.Тураббаев атындагы орто мектебинде өткөрүлүп калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун төрагасы А. Тукаев конкурстун катышуучуларынын аракеттери жана чыгырмачылыктарына кеңири токтолуп толкунданып турган катышуучулардын алган упайларын жана ээлен орундарын угузду.

            Эң жогорку упайды топтоп ГРАН ПРИ наамына Орозалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асан кызы Айгерим эжеке ээ болуп облустук турга жолдомо алууга жетишти. Ал эми биринчи орунду Эргешов атындагы орто мектебинин  мугалими Кайнарова Гулнур, экинчи орунду Тураббаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Абдиназарова Гүлзат, үчүнчү орунду Балтагулов атындагы орто мектебинин  мугалими Рысымбетова Гумерисаларга ыйгарылды.

            Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова Чынары Абдыкапаровна жана билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевичтер куттуктоо сөздөрүн айтып профсоюз комитети тарабынан уюштурулган баалуу белектерди жана дипломдорду тапшырышты.

            Катышуучулар жана күйөрмандар ыраазы болуп тарады.

 

Даярдаган уюштуруу тобу