Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин ишмердиги

Ала-Бука райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев Ажек орто мектебинде болуп, алгач мектеп администрациясы менен чогу жаңы курулуп жаткан мектептин курулушун көрүп чыгышты. Мектептин директору Атыргүл Эргешова учурда иш токтоп калганын, айыл өкмөт башчысы Муктар Шербаев Бишкекке барып маселени чечип келгендигине токтолуп, буюрса курулуш жаздын келишинде уланаарына үмүт кылып жатабыз деп азыркы учурдагы кыйынчылык артта каларына ишенип иштеп жатабыз деди.

Андан ары мугалимдер менен чогу олтуруп Ж.Дурусалиев мектеп жааматы 2020-жылы оор кырдалда бир болсо экинчиси минтип айылдык маданият үйүндө тар бөлмөлөрдө иштеп жаткан мугалимдерге жакшы сөздөрүн айтып баары арта калат деп ийгиликтерди каалады. Январь  айында  төлөнбөй калган бир күндүк акчалары боюнча берилген суроого төрага февраль айына кошуп төлөнөрүн айтып сабыр кылып турсак жолго түшөрүн майрам күндөргө да төлөлөнөрүн айтып таажы илдетинде айлык акынын толук жана убагында берилгендигине Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун түздөн түз чоң салымы бар экендигин баса белгиледи. Жайкы эс алуу боюнча берилген суроолоруна толук жооп алышты. Ардагер мугалим А.Кожоновага ден соолугун чыңдоо үчүн жолдомону шарты келген күнгө берерин айтты. Сабыр кылсак баары ордундо болот деп иштерине ийгилектерди каалады. Жыйынтыгында мугалимдер ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Даярдаган Ажек орто мектебинин Баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Нуркан Осмонова.